16:33, 01 декабря 2023, 24.kg

Опера жана балет театрынын башкы директору Алмазбек Истамбаев кармалды

Опера жана балет театрынын башкы директору Алмазбек Истамбаев кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, Абдылас Малдыбаев атындагы кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын балансындагы мамлекеттик мүлк үчүн узак мөөнөттүү ижара келишимдерин түзүүдө кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы аныкталды.

Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча кылмыш иши козголуп, сотко чейинки өндүрүш иштери башталды.

Алмазбек Истамбаев убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Photo 315203

«Учурда бул фактыга тиешеси бар башка кызмат адамдарын аныктоо жана мамлекеттик бюджетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө», — деп белгиледи УКМК.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18