15:33, 01 декабря 2023, 24.kg

Концерт уюштуруу шылтоосу менен 49 миң доллар алып, качып кеткен шектүү кармалды

Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБдин ыкчам кызматкерлери тарабынан алдамчылыкка шектүү адам кармалды

19-октябрда милицияга жаран кайрылып, ал А. атту жаран «Бишкек аренада» жергиликтүү жана чет элдик артисттердин катышуусунда концерт уюштуруу жана өткөрүү шылтоосу менен 49 миң доллар (4 миллион 302 миң) алган. Ошондой эле ал жумшалган каражаттан 20-30 пайыз киреше алууга убада берип, качып кеткен.

Кылмыш-жаза кодексинин 209- бернесине ылайык (алдамчылык) кылмыш иши козголду.

Тергөө жана ыкчам-издөө иш-чаралары 1995-жылы туулган шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Азыркы учурда анын ушул сыяктуу кылмыш фактыларын жасоого катыштыгы аныкталууда. Кылмыштуу аракеттерден жабыркаган жана кандайдыр бир маалыматка ээ болгон жарандар төмөнкү телефон номерлери аркылуу кабарлай алат: 0(707) 71-71-14 жана 102.

 

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18