13:56, 01 декабря 2023, 24.kg

Парижде кыргыз киносунун күндөрү өттү

Парижде Cinema Heritage эл аралык фестивалынын алкагында кыргыз киносунун күндөрү өттү. Бул тууралуу Кинематографисттер союзунун төрагасы Таалайбек Кулмендеев социалдык тармактарда билдирди.

Артык Сүйүндүковдун «Шамбала», Айбек Дайырбековдун «Эрмендин жыты» жана Таалайбек Кулмендеевдин «Үй сатылат» тасмалары көрсөтүлдү.

Белгилей кетсек, кыргызстандык режиссер Актан Арым Кубаттын «Эсимде» тасмасы кинофестивалдын финалына өттү.

Cinema Heritage фестивалынын демилгечилеринин бири Кыргызстандын Франциядагы ытайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Садык Шер-Нияз. Иш-чараны «Айтыш Франс» ассоциациясы Кыргызстандын диаспорасынын өкүлдөрүнүн катышуусунда өткөрүүдө. Ачылыш аземине биринчи айым Айгүл Жапарова да катышты. 

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18