13:29, 01 декабря 2023, 24.kg

Дордойдогу митингге катышкан адам убактылуу кармоо жайына киргизилди

Милиция «Дордой» базарындагы митингдин катышуучуларынын бирин кармап, убактылуу кармоо жайына киргизди. Бул жөнүндө 24.kg агенттигине Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Мекеме буга чейин социалдык тармактарда базардын аймагында белгисиз адамдар коомдук тартипти одоно бузуп, бир кишинин денесине залал келтирген видео тараганын эске салды.

Белгилей кетсек, кадрлардан аялдардын бири акциянын катышуучулары менен жолугушууга келген министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаровдун жардамчысын урганын көрүүгө болот.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесинин (Бейбаштык) негизинде кылмыш иши козголду.

Эске салсак, кечээ «Дордой» базарынын соодагерлери патент менен иштөөгө уруксат берүүнү талап кылып, нааразылык акциясына чыгышкан. Мындан тышкары, митингдер «Таатан», «Мадина», Орто-Сай базарларында өткөн.

Бүгүн Аламүдүн базарынын соодагерлери ККМге каршы нааразылык акциясына чыгышты.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18