14:25, 30 ноября 2023, 24.kg

Алматыда хостелде өрт чыгып, 13 адам каза болду

Алматыда хостелде чыккан өрттөн 13 адам каза болду. Бул тууралуу Казакстандын ЖМКлар жазып чыгышты.

Zakon.kz маалымдагандай, каза болгондордун арасында эки чет элдик жаран бар. Алардын бирөөсү өзбекстандык, ал эми экинчиси Саха Республикасынан (Якутия) келген Орусиянын жараны.

Дагы төрт жабырлануучуга тиешелүү медициналык жардам көрсөтүлүп жатат. Үчөөсү амбулатордук дарыланууга жөнөтүлдү.

Өрт бүгүн, 30-ноябрда, Алматыдагы Шарипов көчөсүндөгү хостелде саат 5.33тө чыккан. Расмий маалыматтар боюнча, 13 адам түтүнгө ууланып каза тапты. Имаратта болжол менен 72 адам болгон, 59 киши өз алдынча сыртка чыккан.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18