13:16, 30 ноября 2023, 24.kg

Израил-Палестина жаңжалы. Кыргызстан БУУнун резолюциясын колдоду

БУУнун Башкы Ассамблеясы Израилди 1967-жылдагы чек араларына кайтып, оккупацияланган Голан дөңсөөлөрүнөн кетүүгө чакырган резолюция кабыл алды. Отурумдун трансляциясы уюмдун YouTube-каналына жүктөлдү.

Резолюцияга Египет, Иордания, Ирак, БАЭ, Сирия жана башка мамлекеттер авторлош болгон. Документти 91 өлкө, анын ичинде Кыргызстан колдоп, резолюцияны кабыл алууга каршы сегиз мамлекет добуш берди, алардын арасында АКШ жана Улуу Британия бар. Дагы 62 өлкө добуш берүүгө катышкан жок.

Голан дөңсөөлөрү Израил жана Сириянын ортосундагы талаштуу аймак болуп эсептелет. 1944-1967-жылдары Сирияга таандык болгон, андан кийин алты күндүк согуш учурунда Израил басып алган.

Голан дөңсөөлөрүндөгү Израилдин бийлиги азыркыга чейин БУУ тарабынан тааныла элек жана көптөгөн өлкөлөр каршы чыккан. Бирок 2019-жылдын март айында аны АКШнын экс-президенти Дональд Трамп тааныган. 1967-жылдан тартып Израиль анын аймагында бир нече калктуу конуштарды курган. 

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18