09:19, 30 ноября 2023, 24.kg

АКШнын мурдагы мамлекеттик катчысы Генри Киссинджер 100 жашында дүйнөдөн кайтты

АКШнын мурдагы мамлекеттик катчысы Генри Киссинджер 100 жашында дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу Reuters билдирди.

Агенттиктин маалыматы боюнча, Генри Киссинджер бүгүн, 30-ноябрда Коннектикуттагы үйүндө көз жумган. Саясатчыны акыркы сапарга узатуу зыйнаты качан жана кайсы жерде өтөрү азырынча айтыла элек.

Photo 314896

Генри Киссинджер президенттер Ричард Никсон жана Джералд Форддун тушунда АКШнын мамлекеттик катчысы болуп иштеген. Ал Американын «ийкемдүү жооп берүү» доктринасынын авторлорунун бири, кансыз согуш жылдарында Батыш менен Чыгыштын ортосундагы мамилени жакшыртууну, ядердик куралга көзөмөл орнотууну жактаган.

Анын аракетинин аркасында стратегиялык куралдарды чектөө боюнча советтик-америкалык келишимге (ОСВ-1) (1972) жана ракетадан коргонуу системаларын чектөө келишимине (1972-жыл, 2002-жылы АКШ андан чыккан) кол коюлган. Батыш Берлин боюнча төрт тараптуу (1971), Вьетнамдагы согушту токтотуу жана тынчтыкты калыбына келтирүү боюнча Париж келишимдеринин кол коюлушунда (1973) олуттуу салым кошкон. Нобель тынчтык сыйлыгын алган.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18