13:07, 29 ноября 2023, 24.kg

Садыр Жапаров Бириккен Араб Эмираттарына иш сапары менен барат

Президент Садыр Жапаров 30-ноябрдан 2-декабрга чейин Бириккен Араб Эмираттарына иш сапары менен барат. Бул тууралуу президенттин администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

Садыр Жапаров Дубайда өтө турган БУУнун климаттын өзгөрүшү жөнүндө алкактык конвенциясынын тараптарынын 28-конференциясынын жогорку деңгээлдеги сегментине катышат.

«Кезектеги климаттык конференцияга дүйнө жүзү боюнча лидерлер чогулуп, климаттын өзгөрүшүнө каршы Париж келишимин ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулашат жана глобалдык жылуулукту чектөө боюнча мындан аркы кадамдарды аныкташат», — деди Муратбек Азымбакиев.

1-декабрда Садыр Жапаровдун БУУнун климаттын өзгөрүшү жөнүндө алкактык конвенциясынын тараптарынын 28-конференциясынын пленардык отурумунда сөз сүйлөйт.

2-декабрда БАЭ менен энергетика жана инвестиция жаатында бир катар биргелешкен документтерге кол коюу пландалууда.

Мамлекет башчысы БАЭнин Улуттук күнүн майрамдоого катышып, ошону менен иш сапар аяктайт.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18