11:03, 29 ноября 2023, 24.kg

Куакы ашуусунда фейерверк жүктөлгөн жүк ташуучу унаа жарылды

Орто-токойдун жанындагы Куакы ашуусунда пиротехникалык каражаттар жүктөлгөн оор жүк ташуучу унаа жарылды. Бул жөнүндө 24.kg агенттигине окурман билдирди.

Социалдык тармактарда жарыяланган кадрлардан фейерверктер жарылып жатканын көрүүгө болот.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 24.kg басылмасына жүк ташуучу унаага пиротехника жүктөлгөнүн жана ал Кытайдан келе жатканын тастыктады.

Мекеменин маалыматына ылайык, кырсыктын кесепетинен фейерверктер жарылып, өрттүн чыгышына жол ачкан. Аны өчүрүүгө эки күжүрмөн эсеп тартылган.

Тилсиз жоонун кесепетинен жүк ташуучу унаадагы бир адам каза болуп, өздүгү такталууда.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18