16:42, 27 ноября 2023, 24.kg

Ысык-Көлдө кыз ала качууга шектелип үч жаран кармалды

Ысык-Көлдө кыз ала качууга шектелип үч жаран кармалды. Бул тууралуу аймактын ички иштер башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, 23-ноябрда Бостери айылынын милиция бөлүмүнө Ысык-Көл районунун 20 жаштагы тургунунан арыз түшкөн. Анын айтымында, ошол эле күнү Корумду айылында «Ауди» үлгүсүндөгү унаа менен белгисиз үч адам аны никеге туруу максатында ала качып кетишкен.

Арыз Ысык-Көл райондук ички иштер башкармалыгынын электрондук журналында катталган.

Корумду айылынын үч тургуну кармалып, Бостери айылынын милиция бөлүмүнө жеткирилген. Алдын ала сурак учурунда алар күнөөсүн мойнуна алышкан.

Photo 314577

Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 172-беренесинин (никеге туруу максатында ала качуу) негизинде кылмыш иши козголду.

Ысык-Көл райондук сотунун чечими менен шектүүлөр бир айга камакка алынды.

Тергөө иштери жүрүп жатат.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18