12:52, 27 ноября 2023, 24.kg

«Газпром Кыргызстан»: Бишкек үч жылда толугу менен газдаштырылат

Үч жылдын ичинде Бишкекти газдаштыруу толугу менен аяктайт. Бул тууралуу бүгүн брифингде «Газпром Кыргызстандын» башкы директорунун экономика жана финансы боюнча орун басары Арзымат Алдаяров билдирди.

Анын айтымында, 2023-жылы мэрия менен жол картасына кол коюлган, анын алкагында борборду газдаштыруу пландалууда.

Көгүлтүр от ушул жылдын аягына чейин жаңы конуштарга берилет:

  • «Ак-Тилек»;
  • «Ак-Тилек-2»;
  • «Ак-Тилек-Турбаза»;
  • «Бакай-Ата»;
  • «Ала-Арча»;
  • «Жогорку Көк-Жар»;
  • «Товарная»;
  • «Попеновка»;
  • «Төкөлдөш».

Мындан тышкары, компаниянын маалыматы боюнча Новопавловка жана Селекция айылдарда иштер жүргүзүлүүдө. «Ак-Босого» жаңы конушун газдаштыруу боюнча да иштер улантылууда.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18