12:30, 27 ноября 2023, 24.kg

Орусиянын жараны Кыргызстандан дээрлик 70 миң доллар алып чыгууга аракет кылган

«Достук» көзөмөл-өткөрүү пунктунан акча каражаттарын мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган чет өлкөлүк жаран кармалды. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта белгиленгендей, эртең менен өткөрүү пунктуна Россия Федерациясынын 1982-жылы туулган А.А. аттуу жараны келген. Чек ара көзөмөлү учурунда андан 69 миң 800 доллар табылган.

«Ал киши акчага декларация толтурбастан, республиканын бажы мыйзамдарынын талабын аткарбастан өтүүгө аракет кылган. Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин чет элдик жаран жана анын акчасы мындан аркы териштирүү үчүн тиешелүү органдардын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди», — деп кошумчалады Чек ара кызматы.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18