09:45, 27 ноября 2023, 24.kg

ТИМ: Газа тилекесинен кыргызстандын эки жараны эвакуацияланды

Газа секторунан Кыргызстандын эки жараны эвакуацияланды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча иштердин алкагында жана Кыргызстандын Сауд Аравиядагы элчилигинин, Россия Федерациясынын Каирдеги дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн биргелешкен аракеттеринин натыйжасында, Палестинадагы туруксуз абалга байланыштуу 24-ноябрда Газа тилкесинен Египет аркылуу эки кыргызстандык эвакуацияланды.

Кыргыз тарап Россияга Газа секторунан Кыргызстандын жарандарын ийгиликтүү алып чыгууга көрсөткөн көмөгү үчүн ыраазычылык билдирет.

ТИМ Газа секторунун аймагынан чыгып кетүүгө ниеттенген Кыргызстандын жарандарын эвакуациялоо боюнча иштер улантыларын билдирди, бирок ал жакта канча адам бар экени тууралуу маалымат берген жок.

Буга чейин Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров Газа тилкесинен жүз орусиялыктан тышкары үч кыргызстандык эвакуацияланганын билдирген.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18