14:38, 24 ноября 2023, 24.kg

Садыр Жапаров Азербайжандын өлкө башчысы менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

Photo 314364

Президент Садыр Жапаров Азербайжандын өлкө башчысы Ильхам Алиев менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Бул тууралуу мамлекет башчысынын баса сөз кызматы билдирди.

Ильхам Алиев бүгүнү күндө эки мамлекеттин кызыкчылыгына багытталган соода жүгүртүүнү көбөйтүү, инвестициялык саясат жана башка бир катар актуалдуу маселелер чечилип жатканын белгиледи.

Ал келерки жылы Садыр Жапаровду Азербайжанга мамлекеттик сапары менен күтөрүн кошумчалады.

Өз кезегинде Садыр Жапаров өткөн жылы эки жогорку деңгээлдеги сапар болгонун айтты. Мамлекет башчыларынын деңгээлинде мамлекеттер аралык кеңеш түзүлүп, анын биринчи жыйыны болуп өттү. 2022-жылы жетишилген бир катар макулдашуулар практикалык динамикага ээ болду.

Президент былтыр октябрда Ильхам Алиевдин Кыргызстанга мамлекеттик сапары учурунда Азербайжан-Кыргыз өнүктүрүү фонду түзүлгөнүн эске салды. Учурда уюштуруу, укуктук жана финансылык маселелерди жыйынтыктоо боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Ал фонддун практика жүзүндө иштешин камсыз кылып, эки тарап тең кызыкдар болгон долбоорлорду ишке ашырууга киришүүнү сунуш кылды.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18