13:30, 24 ноября 2023, 24.kg

Казакстанда мыйзамсыз миграция каналын уюштурган кыргызстандыктар кармалды

Жамбыл облусунда мыйзамсыз миграция каналын уюштурган үч адам кармалды. Бул тууралуу аталган аймактын прокуратурасынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, кыргыз жана казак жарандары түштүк азиялык 20 адамды Казакстанга мамлекеттик чек арадагы өткөрмө пункттарын айланып киргизишкен. 

Басма сөз кызматы акыркы жарым жылда Кыргызстан аркылуу Түштүк Азия (Пакистан, Непал жана Шри-Ланка) жарандарынын мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өткөн учурлары көбөйгөнүн кошумчалады.

Учурда кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18