11:35, 24 ноября 2023, 24.kg

Кыргызстандык спортчулар бокс боюнча эл аралык турнирде алтын медаль алышты

Photo 314304

Кыргызстандык спортчулар Мунарбек Сейитбек уулу жана Анвар Ходжиев Минскте өткөн Советтер Союзунун Баатыры Виктор Ливенцевдин элесине арналган бокс боюнча эл аралык турнирде алтын медаль алышты. Бул тууралуу Беларустун Бокс федерациясынын сайтында маалымдалат.

Мунарбек Сейитбек уулу 60 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашты. Финалда ал Беларус спортчусу Артур Туниевди жеңди.

48 килограммга чейинки салмак ченинде финалда Анвар Ходжиев орусиялык спортчу Адам Альвиев менен беттешип, жеңүүчү болду.

Аскат Култаев (67 килограммга чейин) жана Бакыт Токтосун уулу (92 килограммга чейин) күмүш медалга ээ болушту.

Баяман Азизбек уулу үчүнчү орунду ээледи.

Турнирге Беларусь, Россия, Тажикстан, Кыргызстан, Казакстан, Кытай, Түркмөнстан жана Конгодон 107ге жакын спортчу катышты.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18