10:55, 24 ноября 2023, 24.kg

Кыргызстанда «Бир дүйнө» кинофестивалынын тасмасын көрсөтүүгө тыюу салынды

«Кыргызтасмасы» мамлекеттик кино борбору көрсөтүүсү 30-ноябрга белгиленген Барбара Купистинин «Записки военного времени» тасмасынын каттоо күбөлүгүн кайтарып алды. Бул тууралуу мекеме билдирди.

Алардын айтымында, «тасмада экстремисттик багыттагы көрүнүштөр бар».

«Кыргызтасмасы» улуттар аралык чыңалууну жарата турган тасманы көрсөтүүгө жол бере албайт», — деп белгилешти кино борборунан.

Фильм Бишкекте 27-ноябрдан 1-декабрга чейин өтө турган адам укуктары боюнча эл аралык «Бир дүйнө» кинофестивалынын алкагында көрсөтүлмөк.

«Кыргызтасмасы» кино борбору Кыргызстанда мамлекеттик каттоодон өтпөгөн фильмдерди көрсөтүүгө жана жайылтууга тыюу салынганын эскертти.

Белгилей кетсек, бул «Бир дүйнө» кинофестивалынын тасмасы көрсөтүлбөгөн биринчи учур эмес. 2022-жылы режиссер Алина Горлованын Сириядагы согуш тууралуу «Этот дождь никогда не прекратится» жана Беларустагы шайлоо тууралуу Саша Кулактын «Мара» кинолоруна тыюу салынган.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18