16:30, 23 ноября 2023, 24.kg

Бишкек ден соолукту чыңдоо борборунда акысыз кызматтар үчүн акча алышкан

Бишкек ден соолукту чыңдоо борборунун кызматкерлери акысыз кызматтар үчүн жарандардан акча алышкан. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бир катар жетекчилер кызматтык ыйгарым укуктарынан кыянаттык менен пайдаланып, документтерди жасалмалоо жолу менен акысыз көрсөтүлө турган кызматтар үчүн жарандардан мыйзамсыз акча алып жаткандары аныкталды.

2022 -жылы негизсиз алынган кирешенин суммасы 1 миллион сомдон ашкан. Уюмдун мурдагы жылдардагы ишмердүүлүгү текшерилип жатат.

Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча кылмыш иши козголду. Тергөө жүрүп жатат.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18