13:53, 23 ноября 2023, 24.kg

Өзү сурабайт, жөнөкөй. Депутат Камчыбек Ташиевдин коопсуздугуна тынчсызданууда

Депутат Акбокон Таштанбеков УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевдин коопсуздугуна тынчсызданууда. Бул тууралуу ал Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Депутаттын айтымында, министрлер кабинетинин отчетуна ылайык, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Кыргызстандын бюджетин өзү эле толтуруп койгон.

«Ал криминал менен күрөшүп жатат, ал эми мамлекет Камчыбек Ташиевдин үй-бүлөсүн коргоого боюнча чара көрүп жатабы?», — деди ал.

Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров президенттин тапшырмасы менен УКМК төрагасын жана анын үй-бүлөсүн кайтаруу чаралары күчөтүлгөнүн билдирди.

«Ал өзүн ойлобой жакшы эле күрөшүп жатат. Биз аны кайтарышыбыз керек. Бул киши өзү сурабайт, жөнөкөй», — деп жыйынтыктады Акбокон Таштанбеков.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18