13:07, 23 ноября 2023, 24.kg

Кыргызстанда эки нөөмөт менен иштеген бала бакчалар ачылат

Дүйнөлүк банктын каржылык колдоосу менен Кыргызстанда кыска мөөнөттүү 500 бала бакча уюштурулуп жатат. Анын ичинен 290 бала бакчанын имаратын жергиликтүү бийлик берген, учурда аларды оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатат. Дагы 270 бала бакчаны курууга тендер жарыяланды.

Дүйнөлүк банктын басма сөз кызматы кабарлагандай, бул бала бакчаларда наристелер күндүз үч саат болушат. Негизги көңүл балдарды өнүктүрүүгө бурулуп, тамак берилбейт жана балдар бакчада уктабайт. Мындай бала бакчалар эки нөөмөт менен эки эсе көп баланы камтый алат.

Кыска убакыттагы бала бакчалар Билим берүү жана илим министрлиги Дүйнөлүк банктын каржылык колдоосу менен ишке ашырып жаткан «Келечек үчүн билим берүү» жана «Окутуунун негиздерин бекемдөө» долбоорлорунун алкагында түзүлүүдө.

22-ноябрда Билим берүү жана илим министрлигинин жана Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү Чүй облусунун Аламүдүн жана Ысык-Ата райондорунда түзүлүп жаткан бала бакчалардагы оңдоо иштери менен таанышты.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18