09:16, 23 ноября 2023, 24.kg

Түркияда Кыргызстандын маданият күндөрү өтөт

Түркияда Кыргызстандын маданият күндөрү өтөт. Бул тууралуу Маданият министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чаралар Анталия жана Анкара шаарларында 26-29-ноябрда Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 32 жылдыгына, Түркия Республикасынын 100 жылдыгына жана кыргыз эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына карата өткөрүлөт.

Делегациянын курамында «Камбаркан» фольклордук-этнографиялык ансамбли, «Ак-Марал» мамлекеттик бий ансамбли, Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз академиялык опера жана балет театрынын жана Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармониянын солисттери, эстрада ырчылары, кол өнөрчүлөр, кино тартуу тобу, сүрөтчүлөр жана дизайнерлер бар.

Программага кыргыз артисттеринин аткаруулары, кыргыз кино күндөрү, маданий жана адабий жолугушуулар, сүрөттөрдүн, улуттук кийимдердин жана кол өнөрчүлөрдүн буюмдарынын көргөзмөлөрү кирди.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18