17:29, 22 ноября 2023, 24.kg

Алдамчылыкка шектелип «Кадастр» мекемесинин мурдагы жетекчиси кармалды

Кызмат абалын пайдалануу менен алдамчылык аракеттерди жасоо фактысы боюнча «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин мурдагы жетекчиси А.С.К. кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

2023-жылдын март айында А.С.К. Аламүдүн районунун мамлекеттик администрациясынын кызматкерлери менен алдын ала сүйлөшүп, материалдык пайда алуу максатында Ж.О.С. аттуу жаранга 1 миллион 200 миң долларга Орто-Сай айылындагы 3 гектар жер тилкесин сатып алууну сунуштаган.

«Кылмыштуулук фактыларын тастыктоо жана документтештирүү максатында 20-ноябрда Бишкек шаарындагы кафелердин биринде мурда алынган 150 миң доллардын 10 миң долларын кайтарып берүү учурунда А.С.К. пара менен кармалды. Ал тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат», — деп билдирди мекеме.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18