14:03, 22 ноября 2023, 24.kg

Токтогул ГЭСиндеги жоокердин өлүмүнө шектүү аскер кармалды

Ички иштер министрлигинин Ички аскерлер бөлүгүнүн басма сөз кызматы кабарлагандай, шектүү жоокер Б. У. 21-ноябрда саат 16:00 чамасында кармалды.

Маалыматка ылайык, ал Кара-Көл шаарындагы үйлөрдүн биринин чатырында жашынып жаткан жеринен сүйлөшүү жолу менен колго түшүрүлгөн. Анын жанынан куралы да алынган.

Шектүү Аскер прокуратурасына өткөрүлүп берилди, учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

20-ноябрда таңга маал Токтогул ГЭСин кайтарган жоокерди аны менен кошо нөөмөттө турган экинчи жоокер атып алып, куралын жашырып, өзү качып кеткен. Алган жараатынан улам ок жеген жоокер ошол жерде жан берген.

Каза болгон жоокер 20 жашта болгон. Анын сөөгү бүгүн, 21-ноябрда туулган жеринде — Өзгөн районунун Зергер айылында жерге берилгенин жакындары «Азаттыкка» билдиришти.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18