13:27, 22 ноября 2023, 24.kg

KG Group компаниясынын ээси Имамидин Ташовдун камактагы мөөнөтү узартылды

Бишкектин Биринчи май райондук соту тергөөчүнүн өтүнүчүн канааттандырып, KG Group курулуш компаниясынын ээси Имамидин Ташовдун камактагы мөөнөтүн узартты. Бул тууралуу соттун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Имамидин Ташов тергөөнүн жүрүшүндө 2024-жылдын 15-январына чейин камакта болот.

Белгилей кетсек, ишкер 26-октябрда кармалган. УКМКнын маалыматы боюнча, Имамидин Ташовдун курулуш компаниясы «Озтопарк» ЖЧКсы (KG Group ) бала бакча үчүн бөлүнгөн жерге эки көп кабаттуу үйдү мыйзамсыз курган. Мамлекетке 52 миллион сом зыян келтирилип, ал дагы деле кайтарыла элек.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18