11:29, 22 ноября 2023, 24.kg

Ошто ӨКМдин кызматкерлери үйдүн ичинде камалып калган балдарды алып чыгышты

Ошто Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери бекилип калган эшикти ачып, үйдүн ичиндеги кичинекей балдарды куткарышты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Салиева көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйлөрдүн биринде жашаган жаран батирине кире албай калгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Батирдин ичинде сегиз, беш жана эки жашар балдар болгон.

Жерине келген куткаруучулар кол шаймандардын жардамы менен эшикти ачып балдарды чоң атасына өткөрүп беришти. Алар медициналык жардамга муктаж эмес.

Куткаруучулар балдардын жакындары менен профилактикалык баарлашуу өткөрүп, баланы кароосуз калтырбоого чакырышты.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18