09:54, 22 ноября 2023, 24.kg

Футбол: Оман — Кыргызстан оюну сүрөттөрдө

Бишкектеги «Спартак» стадионунда Кыргызстандын курама командасы футбол боюнча дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын алкагында Оман командасы менен ойноду.

Буга чейин Кыргызстан менен Оман улуттук курама командалардын деңгээлинде үч жолу ойноп, бардык беттештерде Кыргызстандын командасы бир да гол киргизбей утулуп калган.

Оюнга президент Садыр Жапаров да келди. Аны менен бирге УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, Жогорку Кеңештин спикери Нурланбек Шакиев, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев да футбол көрүштү.

Photo 313996

Биздин футболчулар Оманды 1:0 эсебинде утту. Голду Одилжон Абдурахманов 49-мүнөттө киргизди. Кыргызстандын курама командасы алгачкы 3 упайга ээ болуп, D тайпасында Оман менен тең болуп калды.

Трибуналар күйөрмандарга жык толуп, футболчуларды колдоого жүздөгөн кыргызстандыктар жана борбор калаанын коноктору келишти. Күйөрмандардын эмоциясын жана футболчулардын оюнун мамлекет башчысынын сүрөтчүсү Султан Досалиев тартып алды.

Эскерте кетсек, Кыргызстандын командасы биринчи беттеште утулуп калган, учурда Кытай Тайбэйи, Малайзия жана Оман кирген D тайпасында үчүнчү орунда турат.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18