17:20, 21 ноября 2023, 24.kg

«Арча-Бешик» конушунда табылган ымыркайдын абалы туруктуу

Ленин районунун акими Жыргалбек Шакиев Арча-Бешик конушунан табылган ымыркай жаткырылган №2 төрөт үйүнө барды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, аким ымыркайдын абалы менен таанышып, дарыгер менен баарлашып, администрация тарабынан бардык керектүү жардамдар берилерин белгиледи.

«Баланын абалы туруктуу, ал тийиштүү кам көрүү жана тамактануу менен камсыздалды», — белгиледи мекеме.

Эске салсак, 19-ноябрда саат 22:45 чамасында «102» кызматына Арча-Бешик конушунун Кара-Кужур көчөсүндөгү үйлөрдүн биринин алдында желим баштыкка оролуп, кагаз кутуга салынган жаңы төрөлгөн ымыркай табылганы тууралуу маалымат түшкөн.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18