16:34, 21 ноября 2023, 24.kg

Камчыбек Ташиев УКМКнын Талас облустук кызматкерлерине жаңы батирлерди тапшырды

Камчыбек Ташиев УКМКнын Талас облустук кызматкерлерине жаңы батирлерди тапшырды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 35 батирдин 19у УКМК кызматкерлерине, ал эми 16сы Чек ара кызматынын аскер кызматчыларына берилди.

Камчыбек Ташиев күч түзүмдөрүнүн кызматкерлеринин айлык акылары көтөрүлүп, алардын материалдык- техникалык базасы чыңалганын кошумчалады. Андыктан ар бир кызматкерди мекен коопсуздугу, элдин бейпил турмушу үчүн ак дилден кызмат өтөөгө чакырды.

УКМК көп кабаттуу турак жайдын курулушу 2022-жылдын октябрь айында башталып, жалпы аянты 3 миң 992 чарчы метрди түзөт.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18