15:35, 21 ноября 2023, 24.kg

Өзбекстанда издөөдө жүргөн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү Бишкектен кармалды

УКМК кызматкерлери тарабынан Бишкекте 1997-жылы туулган Өзбекстандын А.С.Ш. аттуу жараны кармалды. Ал өз мекенинде издөөдө жүрөт. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

«А.С.Ш. кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү болуп, Өзбекстанда оор кылмыш жасагандыгы аныкталды. Кылмыш жоопкерчилигинен качуу максатында Баткен облусунун аймагы аркылуу эки өлкөнүн мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өткөн. Ал Өзбекстандын укук коргоо органдары тарабынан эл аралык жана мамлекеттер аралык издөөгө алынган», — деп билдирди УКМК.

Photo 313919

А.С.Ш. Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун чечими менен Өзбекстанга чыгарылды.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18