13:21, 21 ноября 2023, 24.kg

Депутат Надира Нарматовага «Билим берүүнүн мыктысы» төш белгиси тапшырылды

Кыргызстанда чет элдик агент түшүнүгүн киргизүүнү сунуштап жаткан Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматова «Билим берүүнүн мыктысы» төш белгисин алды. Сүрөттү Facebook баракчасына Нуриля Исакулова жарыялады.

Сыйлыкты билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева тапшырды. Анда белгиленгендей, сыйлык Нарматовага билим берүү тармагын өнүктүрүүгө кошкон эбегейсиз салымы үчүн берилген.

Билим берүү министрлиги азырынча бул боюнча комментарий бере элек.

Photo 313885

Белгилей кетсек, 2022-жылдын декабрь айында «Ата-Журт Кыргызстан» фракциясынын мүчөсү Надира Нарматова «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматына эмгек сиңирген кызматкер» наамын алган. Аны өлкөнүн президенти тапшырган.

Жогорку Кеңеш 25-октябрда Надира Нарматова жана бир топ депутаттар тарабынан демилгеленген «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» мыйзамга жана Кылмыш-жаза кодексине киргизилген өзгөртүүлөрдү биринчи окууда кабыл алган. Анда демилгечилер «чет элдик өкүл» түшүнүгүн (Россиянын мыйзамындагы чет элдик агент сөзүнүн аналогу) киргизүүнү сунушташууда.

Мыйзам добоорун кабыл алууга 52 депутат макул болсо, 7 депутат каршы добуш берген.

Чет элдик агенттер тууралуу мыйзамды көтөрүп жаткан депутаттардын жана алардын жакын туугандарына жеке санкцияларды жана визалык чектөөлөрдү киргизүүнү талап кылган петиция түзүлүп, Change.org сайтында жарыяланган.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18