10:26, 21 ноября 2023, 24.kg

Роскино жана «Кыргызтасмасы» кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюшту

Photo 313831

Бишкекте Роскино менен "Кыргызтасмасы" мамлекеттик кино борбору кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюшту. Бул тууралуу россиялык уюм билдирди.

Кол коюу аземи 17-ноябрдан 21-ноябрга чейин өтүп жаткан биринчи Бишкек эл аралык кинофестивалынын алкагында боду.

Тараптар Кыргызстан менен Россиянын киноиндустрия тармагында кызматташууну өнүктүрүү, ошондой эле улуттук фильмдерди алдыга жылдыруу, кино тартуу, билим берүү жана башка багыттар боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу тууралуу макулдашышты.

Меморандумга " Кыргызтасмасынын "директору Талантбек Төлөбеков жана Роскинонун бизнес-процесстерди өнүктүрүү жана башкаруу боюнча башкы директорунун кеңешчиси Римма Сачунова кол коюшту. Алар кино тартуу жана рыноктун керектөөлөрүнө ылайык контентти жайылтуу тармагын кеңейтүү зарылдыгын белгилешти.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18