09:53, 21 ноября 2023, 24.kg

NazarNews сайтынын башкы редактору Гүлжан Шерипбаева үй камагына чыгарылды

Бишкектин Биринчи май райондук соту NazarNews.kg сайтынын башкы редактору Гүлжан Шерипбаеваны үй камагына чыгарды. Бул тууралуу соттун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматта белгиленгендей, бөгөт чарасын өзгөртүү тууралуу өтүнүч УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгынын тергөөчүсүнөн түшкөн.

Гүлжан Шерипбаева 2024-жылдын 15-январына чейин үй камагында болот.

Эске салсак, 18-ноябрда Бишкектин Биринчи май райондук сотунун тергөө судьясынын чечими менен ал Бишкектеги № 1 тергөө абагына 2024-жылдын 15-январына чейин киригизилген. Ага карата Кылмыш-жаза кодексинин «расалык, этностук, улуттук, диний, аймактар аралык кастыкты (араздашууну) козутуу» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18