15:25, 20 ноября 2023, 24.kg

Чоң-Ашууда кар көчкү түшүүcү күтүлөт. Жолдор тайгак болуп, муз тоңот

Каракол—Эңилчек (Чоң-Ашуу) унаа жолунун 74-86 чакырымдарында кар көчкү түшүүcү күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Мекеме айдоочуларды ылдамдыкты ашырбоого жана унаалардын ортосундагы аралыкты сактоого чакырды.

Синоптиктердин божомолуна ылайык, бүгүн түнкүсүн Чүй, Талас, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, тоолуу райондорго кар түшөт. Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жаан, кар жаайт. Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондордо кар жаайт, Баткен жана Ысык-Көл облустарында жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18