09:27, 20 ноября 2023, 24.kg

NazarNews басылмасынын башкы редактору 2024-жылдын январына чейин камакка алынды

NazarNews басылмасынын башкы редактор Гүлжан Шерипбаева 2024-жылдын 15-январына чейин камакка алынды. Бул тууралуу акыйкатчынын басма сөз кызматы билдирди.

18-ноябрда акыйкатчы институтунун кызматкерлери Гүлжан Шерипбаеванын камактагы шарттарына көз салуу үчүн СИЗО-1ге барышты.

Маалыматка ылайык, ал институттун кызматкерлерин көргөндө ыйлап, стресске кабылганын айткан. «Ошону менен бирге үй-бүлөсүнө жеке жактоочуга муктаж экенин айтып коюуну өтүнгөн — тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө ага мамлекеттик жактоочу берилген. Маектешүү учурунда журналист өзүнө коюлган айыптар менен макул эместигин билдирди.

Ал камактагы шарттарга нааразы болгон эмес. Аны менен бирге камерада мурда соттолбогон дагы үч аял бар. Ден-соолугу канааттандырарлык экенин жана эч кандай дары-дармектерге муктаж эмес экенин да айткан. Шерипбаеванын айтымында, ал болгон окуяга абдан кабатыр», — деп айтылат маалыматта.

 Ага карата Кылмыш-жаза кодексинин «расалык, этникалык, улуттук, диний, аймактар аралык кастыкты (араздашууну) козутуу» беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

18-ноябрда Бишкектин Биринчи май райондук сотунун тергөө судьясы Гүлжан Шерипбаеваны 2024-жылдын 15-январына чейин № 1 тергөө абагына камакка алуу чечимин чыгарды.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18