16:13, 17 ноября 2023, 24.kg

ЖККУ 2024-жылы Борбор Азияда бир нече аскердик машыгуу өткөрүүнү пландоодо

Жамааттык коопсуздук келишим уюму (ЖККУ) 2024-жылы аскердик машыгууларды өткөрүүдө Борбор Азияга басым жасайт. Бул тууралуу уюмдун Бирдиктүү штабынын башчысы Анатолий Сидоров билдирди.

Анын айтымында, кийинки жылы Кыргызстанда, Казакстанда жана Тажикстанда машыгууларды өткөрүү пландалган.

«Кыргызстанда ЖККУнун Жамааттык күчтөрүнүн ыкчам бөлүктөрү менен, Казакстанда Тынчтык орнотуучу күчтөр менен, Тажикстанда Борбор азиялык ыкчам аракет көрүү боюнча жамааттык күчтөрү менен машыгууларды өткөрүү каралууда», — деди Сидоров.

Ал азырынча бул машыгуулардын датасы жана өткөрүлө турган полигондор жөнүндө айтуу эрте экенин кошумчалады.

1992-жылы Москванын демилгеси менен түзүлгөн Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна Армения, Беларус, Казакстан, Кыргызстан, Орусия жана Тажикстан мүчө. Акыркы кездери бул аскердик уюм өз мүчөлөрүнүн ортосундагы жаңжалдардын алдын ала албаганы жана алардын кызыкчылыктарын коргой албаганы үчүн сынга кабылып келет.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18