15:19, 17 ноября 2023, 24.kg

Кыргызстандык жаш ырчы балдардын эл аралык сынагынын финалына катышат

Кыргызстандык Эмир Абыкеев «Биздин муун» аттуу балдардын эл аралык сынагына катышат. Бул тууралуу социалдык тармактарда уюштуруучулар билдирди.

Сынактын сайтында катышуучулар үчүн онлайн-добуш берүү башталды. 18-ноябрь саат 17:00го (Бишкек убактысы боюнча) чейин добуш берүүгө болот.

Долбоордун эрежелерине ылайык, ар бир адам беш өлкөнүн катышуучуларынын ырларына, анын ичинде өз өлкөсү үчүн добуш бере алат.

Эмир Абыкеев «Балалык» ырын аткарат.

Долбоордун жеңүүчүсү 18-ноябрда «Биздин муун» сынагынын финалында белгилүү болот.

Сынакка дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн келген 13 таланттуу балдар жана өспүрүмдөр катышууда.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18