13:37, 17 ноября 2023, 24.kg

Караколдо жолдошу жубайын компьютердин монитору менен сабаган

Караколдо жолдошу 40 жаштагы жубайын компьютердин монитору менен сабаган. Бул тууралуу Х (Twitter) социалдык тармагында укук коргоочу Камиль Рузиев билдирди.

Анын айтымында, жабырлануучу дүкөндө иштейт. Күйөөсү анын иш жерине келип, өлтүрөм деп коркутуп, бир нече жолу монитор менен урган.

Жабырлануучу мындай нерсе биринчи жолу болбогонун айтты. Үй бүлөлүк зомбулуктан жабыркаган аял милицияга жардам сурап кайрылды.

Укук коргоочу 24.kg агенттигине Ысык-Көл облустук ооруканасынын дарыгерлери медициналык текшерүүнү Стамбул протоколу боюнча толтурушпаганын билдирди. Нөөмөтчү тергөөчүдөн жабырлануучуга жардам берүүнү суранышкан. Дайындалган экспертизанын жыйынтыгы боюнча, ал баш сөөгүнөн жаракат алып, мээси чайкалган.

Камиль Рузиев аял 20 жылдан бери үй-бүлөлүк зомбулуктан жапа чегип келгенин кошумчалады.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18