09:50, 17 ноября 2023, 24.kg

Кыргызстандын футбол боюнча курамасы Малайзияга утулуп калды

Photo 313498

Футбол боюнча дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын алкагында Кыргызстандын курама командасы «Букит-Жалил» стадионунда Малайзиянын командасы менен беттешти.

Биринчи таймдан кийин Кыргызстандын курамасы алдыда келе жаткан, бирок атаандаш эсепти теңеп, 4:3 менен жеңишти илип кетти.

Кыргызстандын командасында голдорду Кайрат Жыргалбек уулу, Эрнист Батырканов, Кай Мерк, Кристиан Браузман (автогол) киргизди.

Эскерте кетсек, Кыргызстандын курама командасы D тобунда. Ал жакка Кытай Тайбэйи, Малайзия жана Оман дагы кирген.

21-ноябрда Оман курама командасына каршы беттеш болот. Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо билеттер сатылууда.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18