17:25, 16 ноября 2023, 24.kg

Баткенде заманбап спорт комплекси курулууда

Баткенде заманбап спорт комплекс курулууда. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Бардык шарты бар заманбап спорт комплексинин курулушу үчүн жергиликтүү бюджеттен 12 миллион сом бөлүнгөн. Учурда курулуш иштери аяктап калды.

Спорт комплексинде жаштар волейбол, баскетбол, футбол, күрөш боюнча машыкса болот, ошондой эле аялдар жана эркектер үчүн өзүнчө машыгуучу залдары, кийим алмаштыруучу бөлмөлөрү, жуунучу жай менен ашканасы да пландаштырылган.

Белгилей кетсек, шаарда спорт комплексинин жоктугунан, жаштар орто мектептердин спорт залдарында сабактан кийинки убактарда, кечинде машыгууга мажбур болуп келишет. Ал эми кыз келиндер үчүн спорт менен машыгуу залдары болгон эмес.

 

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18