15:02, 16 ноября 2023, 24.kg

Мамлекеттик айыптоо Ырыс Жекшеналиевди жети жылга камоону суранды

Биринчи май райондук сотунда блогер Ырыс Жекшеналиевдин иши боюнча отурум өттү. Бул тууралуу Facebook тармагында Кундуз Жолдубаева билдирди.

Анын айтымында, прокуратура аны жети жылга эркинен ажыратууну суранган.

Тараптардын жарыш сөзү 27-ноябрда өтөт.

Эске салсак, «ПолитУзник» Facebook баракчасынын администратору Ырыс Жекшеналиевге бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар боюнча кылмыш иши козголгон. 2022-жылдын 14-августунда аны ИИМдин тергөө кызматына алып келишкен, андан кийин ал кармалып, тергөө абагына киргизилген. Эки айдан кийин блогер үй камагына чыгарылган.

Буга чейин мамлекеттик айыптоо аны алты жылга эркинен ажыратууну суранган. Ырыс Жекшеналиев күнөөсүн мойнуна алуудан баш тарткан.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18