12:43, 16 ноября 2023, 24.kg

Кара-Суу районунун Жим айылында курал-жарак сакталган жай табылды

Кара-Суу районунун Жим айылында курал-жарак сакталган жай табылды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

2010-жылдагы окуялар боюнча сепаратисттик аракеттерге каршы ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө курал-жарактар сакталган жай тууралуу маалымат алынган.

Тинтүү учурунда АКМ-74 автоматы, РГД-5 гранатасы, 40 даана 7,62 калибрдеги, 9 даана 5 калибрдеги патрондор, кара маска, бычак жана жашыл түстөгү колкап табылган.

«Жогоруда аталган курал-жарактар тиешелүү экспертизага жөнөтүлөт. Учурда курал-жарак сактоочу жайга тиешеси бар адамдарды аныктоого багытталган ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө», — деп айтылат маалыматта.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18