11:30, 16 ноября 2023, 24.kg

Казакстан суюлтулган газды экспорттоого алты айга тыюу салды

Казакстан суюлтулган газды автотранспорт жана темир жол аркылуу ташууга киргизилген тыюуну алты айга узартты. Бул тууралуу буйрукка өлкөнүн энергетика министри кол койгонун жеригиликтүү басылмалар кабарлашты.

«2023-жылдын 14-ноябрынан тартып алты айлык мөөнөткө Казакстандан суюлтулган мунай газын, пропан жана бутанды автотранспорт жана темир жол менен ташып чыгууга тыюу салынды», — деп айтылат маалыматта.

Мурдараак өлкөнүн энергетика министри Алмасадам Саткалиев Казакстанда суюлтулган газдын таңсыктыгы олутуу жана бул маселе жакынкы аралыкта чечилбей турганын айткан.

Ал тогуз айдын ичинде эле өлкөдө газга болгон суроо-талап 25 пайызга жогорулаганын, эгер бул тенденция улана берсе жана чара колдонулбаса, анда газ тартыштыгы күчөй турганын эскерткен.

Буга чейин Казакстандан суюлтулган мунай газын, пропан жана бутанды экспорттоого үч жылга тыюу салынган.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18