10:49, 16 ноября 2023, 24.kg

Чет өлкөдөгү кыргызстандыктарга 129 миң 931 паспорт берилген

2022-жылдан бери Кыргызстандын чет өлкөдөгү мекемелери тарабынан 129 миң 931 паспорт берилген. Мындай маалыматты Тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев билдирди.

Анын айтымында, 103 миң 206 адамга жалпы жарандык паспорт жана 25 миң 723үнө идентификациялык карта берилген. Мындан тышкары, чет өлкөлүк мекемелер тарабынан 4 миң 402 Кыргызстандын айдоочулук күбөлүгү жана 2023-жылдын 13-мартынан тартып 36 «Мекен-картасы» берилген.

2023-жылдын 10 айында Тышкы иштер министрлиги чет өлкөлөрдөгү мекемелери менен биргеликте 350 миң 184 консулдук кызмат көрсөткөн.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18