09:48, 16 ноября 2023, 24.kg

«Социалдык келишим» долбоорунун алкагында 2 миңден ашуун жаңы өндүрүштөр ачылды

«Социалдык келишим» долбоорунун алкагында 2 миңден ашуун жаңы өндүрүштөр ачылды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, мекеме башчысы Гүлнара Баатырова мамлекет менен келишим түзүп, өз ишин ачуу үчүн 100 миң сомдон алган үй-бүлөлөр менен жолукту.

Ал белгилегендей, долбоор ишке киргенден баштап борбордогу 454 аз камсыз болгон үй-бүлөлөр мамлекеттин колдоосу менен бизнес башташкан. Алардын 312си же 68 пайыздан ашыгы тигүү цехтерин ачышкан. Жалпысынан өлкө боюнча 2 миңден ашуун ар кандай өндүрүштөр ишке кирген. Алардын арасында тигүү жана жыгач устаканалары бар. Ошондой эле био жер семирткичтерин, самын, пескоблок, пластик терезелерин жана башкаларды жасаган ишканалар ачылган.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18