16:36, 15 ноября 2023, 24.kg

Экс-депутат Жаныбек Бакчиев камакка алынды

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Жаныбек Бакчиев Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун 25-октябрдагы чечими менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагына камакка алынганы белгилүү болду. Бул маалыматты райондук сот 14-ноябрда «Азаттыкка» ырастады.

Мекеменин билдирүүсүнө ылайык, сот атайын кызматтын тергөөчүсүнүн өтүнүчүн канааттандырып, Жаныбек Бакчиевди 23-декабрга чейин камакка алуу чечимин чыгарган.

Биринчи Май райондук соту Жаныбек Бакчиевге Кылмыш-жаза кодексинин «Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо» беренесинин 2-бөлүгү менен айып коюлганын тактады. Мындай кылмыш үчүн мүлкүн конфискациялоо менен сегиз жылдан 12 жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратуу жазасы каралган.

УКМК мурдагы депутат кайсы иш боюнча кармалганы тууралуу маалымат бере элек. Бакчиевдин жакындары жана адвокаттарынан комментарий алууга мүмкүн боло элек.

56 жаштагы Жаныбек Бакчиев Жогорку Кеңештин VI чакырылышында «Бир Бол» фракциясынан депутат болгон. Ага чейин Мамлекеттик каттоо кызматын 2009-жылы жана экинчи жолу 2011-жылдын январь айынан 2011-жылдын декабрь айына чейин башкарган.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18