15:08, 15 ноября 2023, 24.kg

Кыргызстанда 2023-жылы 8 миңден ашык үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган

2023-жылдын 10 айында Кыргызстанда 8 миңден ашык үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Динара Ашимова билдирди.

Анын айтымында, 2022-жылы 8 миң 620 учур катталган.

«Бул расмий маалыматтар. Жабыркагандардын көбү укук коргоо органдарына кайрылбай турганын баарыбыз билебиз», — деп кошумчалады депутат.

Белгилей кетсек, депутаттар «Үй-бүлөлүк, сексуалдык жана гендердик зомбулуктан коргоо жаатындагы айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун» карашты.

Долбоордун демилгечилеринин бири Динара Ашимова документтин максаты үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткандарга юридикалык жардам көрсөтүү экенин кошумчалады. Ошондой эле долбоордо зомбулук жасаган адамдардын жүрүм-турумун өзгөртүү боюнча коррекциялык программадан өтүүсү каралган.

Долбоордун ченемдеринин биринде үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адам үйүнөн чыгып кетиши керектиги жазылган. Депутат Мирлан Самыйкожо бул норманы түшүндүрүп берүүнү суранды.

«Биз мындай учурду айткыбыз келген: үй-бүлөлүк зомбулук жасалгандан кийин жабыркагандар адатта тааныштарына же кризистик борборлорго келишет, ошондо үй-бүлө бузулат. Мыйзам долбоору менен биз айыпталуучу турак жайын таштап кетүүсүн сунуштайбыз. Ал кайтып келсе дагы, жубайлар жарашып, үй-бүлө сакталып калышы ыктымал», — деп түшүндүрдү Динара Ашимова.

Талкуунун жыйынтыгы боюнча депутаттар мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алышты.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18