11:52, 15 ноября 2023, 24.kg

Бийликти күч менен басып алууга чакырган кыргызстандык кармалды

УКМК Москва шаарында массалык баш аламандыктарды уюштурууга жана бийликти күч менен басып алууга чакырган К.Н.К аттуу жаранды кармады.

Мекеменин маалыматына ылайык, ал Facebook социалдык тармагынын активдүү колдонуучусу жана ага мамлекеттик жана мамлекеттер аралык издөө жарыяланган. Өлкөнүн сыртында жүрүп, чагымчыл маалыматтарды, анын ичинде массалык баш аламандыкка жана бийликти күч менен кулатууга/ басып алууга үндөгөн билдирүүлөрдү жарыялап турган.

К.Н.К. Кыргызстанга алынып келинип, 20-ноябрга чейин УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгынын тергөө абагына киргизилди.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18