11:30, 15 ноября 2023, 24.kg

Луис Бернат Молина футзал боюнча кураманын башкы машыктыруучусу болуп дайындалды

Photo 313284

Испаниялык адис Луис Бернат Молина футзал боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу болуп дайындалды. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзу социалдык тармактарда билдирди.

46 жаштагы Луис Бернат Молина футзал боюнча улуттук машыктыруучунун III деңээлдеги лицензиясына ээ. Франция, Япония жана Таиланддын клубдарында, ошондой эле Вьетнам жана Таиланддын жаштар курама командаларында башкы машыктыруучу болгон.

Команданын мурдагы башкы машыктыруучусу Марат Дуванаев жана анын жардамчылары жаңы машыктыруучулар штабына кирет.

Эскерте кетсек, футзал боюнча улуттук курама команда 2024-жылдын 17-28-апрелинде Азия кубогунун финалдык баскычына катышат. Анда команда байгелүү орундар үчүн гана эмес, дүйнөлүк чемпионатка чыгуу үчүн дагы күрөшөт.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18