09:42, 15 ноября 2023, 24.kg

12,4 миңден ашуун кыргызстандык чет өлкөдө мыйзамдуу түрдө ишке орноштурулган

Тогуз айдын ичинде 12,4 миңден ашуун адам чет өлкөдө мыйзамдуу түрдө ишке орноштурулган. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.

«Министрликтин Москвадагы өкүлчүлүгү 300гө жакын кыргыз жарандарынын төлөнбөгөн 20 миллион рублден ашык эмгек акысын кайтарууга жардам берди. Дагы 6 миң адамга миграциялык мыйзамдар боюнча консультация берилди», — деп белгиледи мекеменин башчысы Гүлнара Баатырова.

Анын айтымында, мигранттарга көмөк көрсөтүү үчүн кыргызстандыктардын укуктарын коргоого жардам берген коомдук өкүлдөр институту түзүлдү. Азыркы учурда Россияда, Германия жана Украинада мекеменин 96 коомдук өкүлү иштеп жатат.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18