12:24, 14 ноября 2023, 24.kg

Азиянын эң ири фестивалында баш байге алган кыргыз тасмасы Бишкекте көрсөтүлөт

Режиссер Мирлан Абдыкалыковдун «Кыз ала качуу» тасмасы 23-ноябрдан тарта чоң экрандарда көрсөтүлө баштайт. Бул тууралуу тасманын авторлору Instagram баракчасында билдирди.

Тасма «Бродвей» кинотеатрында кыргыз тилинде орусча субтитрлер менен көрсөтүлөт.

Режиссер Мирлан Абдыкалыков бул тасмада Кыргызстан үчүн актуладуу болгон ала качуу темасын Үмүт аттуу кыздын окуясы аркылуу көтөргөн. Кино Бишкектин жаңы конуштарында тартылган.

Фильмде Акак Бердибекова, Элчибек Шаменов, Майрамбек Эркегулов, Айнура Акылбекова роль жараткан.

Аталган эмгек Түштүк Кореяда өткөн Jiseok 28-Пусан эл аралык кинофестивалынын конкурстук программасында баш байгени жеңип алган.

Фестивалдын алкагында эл аралык киносынчылар катышкан тасманын дүйнөлүк бет ачары болуп, жакшы сын-пикирлер айтылган.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18